Бишкектин Махатма Ганди көчөсүндө белгисиз унаадан жарым жылаңач болуп көчөгө ташталган кыз арыз жазуудан баш тартты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдирди.
"Жылаңач болуп жолго ташталган кыз сурак учурунда мас абалында болгондуктан ар кандай пикирлерди айткан. Эртеси соолугуп, окуя тууралуу милиция кызматкерлерине аны жолго таштагандар менен тааныш болгонун билдирген. Анын айтымында, окуя болгон учурда тааныштары менен пикир келишпестик жаралган. Ал эми алгачкы көрсөтмө берген учурда мас абалында болгондуктан туура эмес көрсөтмө бергендигин айткан. Мындан улам шектүү катары кармалган адамга карата арыз жазуудан баш тарткан", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Эске салсак, 25-апрель күнү саат 17:28де Бишкектин Махатма Ганди көчөсүндө белгисиз унаа жарым жылаңач кызды таштап кеткен. Бул тууралуу билдирүү Бишкек ШИИББине келип түшкөн. Окуя катталган жерге мобилдик батальондун кызматкерлери болжол менен саат 17:33төр чамасында барган. Анда арыздануучу кыз Кулиев жана Пушкин көчөсүнүн кесилишинде ага карата кылмыш иши болгонун айтып, окуя болгон жерден шектүү адамды көрсөтүп берген.
Мобилдик батальондун кызматкерлери шектүүнү кармоо учурунда ал жердеги эркек кишилер милиция кызматкерлерин курчап алышкан. Алар тергөө тобунун мыйзамдарына баш ийбегенден улам ортодо чыр чыгып, алардын ичинен бир жаран милиция кызматкеринин тапанчасын алууга аракет кылган. Мындан улам баш аламандыкты токтотуу үчүн мобилдик батальон асманга карата ок чыгарган. Ал эми кылмышка шектүү 42 жаштагы А.З. аттуу жаран окуя болгон жерден Биринчи Май РИИБине алып келинген.