Бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаарынын 140 жылдыгына карата "Наристе эл аралык балдар фольклордук фестивалы" өткөрүлдү.
Аянтка топтолгондорго жаш таланттар өз өлкөсүнүн маданияты, салт-санаасы, өнөрлөрү менен тааныштырды.
Эл аралык фестивалда Индия, Венгрия, Казакстан, Орусия, Италия, Түркия жана Кыргыз өлкөсүнүн балдар ансамблдери шаар тургундарына концерттик программа тартуулашты.
Белгилей кетсек, аталган фестиваль Бишкекте алгачкы жолу өткөрүлүп жатат.