Бишкек-Ош унаа жолунда 3 жүк ташуучу унаа жол кырсыгына кабылды. Мындай маалыматты "Элдик кабар" бөлүмүнө окурман билдирди.
"29-апрелде саат 10:00дөр чамасында Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып 3 жүк ташуучу унаа сүзүшүп алды. Анда Оштон Бишкекти карай бара жаткан оор жүк ташуучу унаа жеңил жүк ташуучу унааны артынан сүздү. Кийин карама-каршы багытта келе жаткан бензовозду сүзүп алды. Оор жаракат алгандар жок", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.