Казакстанда 1 жашар кыз мискейдеги сууга түшүп кетип чарчап калды. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Казакстандын Аральск шаарында жашаган 2017-жылы туулган наристе кыз 50 литрлик мискейдеги сууга түшүп кетип, тумчугуп чарчап калды. Окуя учурунда апасы башка жумуштарга алагды болуп жүргөндө кызы мискейдеги сууга түшүп кеткени айтылат. Ага ата-энеси биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөнү менен, өмүрүн сактап кала алышкан эмес.