Кара-Суу районунда катталган жол кырсыгынан оор жаракат алгандар жок. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн өкүлү Алтынбек Теңизбаев билдирди.
Анын айтымында, кырсык кечээ, 29-апрелде саат 10:00дөр чамасында Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагында жайгашкан күйүүчү май куюучу жайга жакын жерде болгон.
"Хово үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа Хундай Портер унаасын артынан сүзүп, андан соң күйүүчү май ташыган унааны сүзүп токтогон. Анын кесепетинен Портердин айдоочусу менен жанындагы 11 жашар жүргүнчүсү жеңил жаракат алып, облустук ооруканада тиешелүү жардамдар көрсөтүлдү.
Кырсыкка кабылган 3 унаанын тең айдоочулары материалдык чыгымдарга туш болушту. Портер унаасы 1 торпок жана 2 кой жүктөп бара жаткан. Азыркы убакта Хово үлгүсүндөгү автоунаа Кара-Суу РИИБинин айып аянтчасына токтотулуп, тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө", - деди Теңизбаев.
Буга чейин окурман Оштон Бишкекти көздөй бара жаткан оор жүк ташуучу унаа жүк ташуучу дагы 2 унааны сүзүп алганын "Элдик кабарга" маалымдаган эле.