Ооганстанда жардыруунун кесепетин чагылдырууга келген журналисттер экинчи жардыруудан каза болду

Бүгүн, 30-апрелде эртең менен Ооганстандын борбору Кабул шаарында кош жардыруудан кеминде 29 адам мерт болуп, дагы 45и жаракат алды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, жанкечти алгач мотоцикл менен Коопсуздук боюнча улуттук башкармалыктын имаратынын жанында өзүн жардырып жиберген. "Экинчи жардыруу ошол эле райондо жайгашкан Шаарды өнүктүрүү министрлигинин имаратынын жанында 20 мүнөттөн кийин болгон. Жардыруучу затты өзүн журналистмин деп тааныштырган адам кызматкерлер имаратка кирип жаткан маалда иштеткен", - деп жазышат басылмалар.

Жардыруулардан улам каза болгондордун арасынан 10у TOLOnews, AFP, Al Jazeera, Эркин Европа/Азаттык маалымат каражаттарынын журналисттери бар экени айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Brokg89
2018-04-30 17:16:39
Эмне деген кана олко?? эмне деген элсинер?Бири биринди кырып бутмой болдунарго!!!
+2
Nibiru.
2018-05-01 04:52:13
Brokg89,олкодо куноо жок. Куноонун баары диний фанаттарда. Ошондуктан биздеги фанаттарды да катуу козомол жургузуп,катуу жазалаш керек. Антпесе алар да биздин олкону ушундай акыбалга кептеп коеру турган иш.
0
Oylonkyrgyzym
2018-04-30 17:24:49
АКШ кирген жер сөзсүз жанжал уруш согуш. Тынч жаткан элге дүрбөлөң салган дал ушул АКШ.Мен АКШдан эле көрөм ушунун баарын. Кирип алып чыкпаган.
+10
Nibiru.
2018-05-01 04:53:03
Oylonkyrgyzym,ал жерде АКШга чейин эле согуш болуп келген. Билбеген нерсени жаза бергенде эмне.
0
admin_superstan
2018-04-30 17:28:41
nurbekasr, Порталдын эрежелерин сактаңыз!
Эскертүү сызыгыңыз толгондугуна байланыштуу түбөлүк БАНга!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан