Иса Өмүркулов “Баш-Кара-Суу” суу тосмосун куруу иштеринин жүрүшү менен таанышып чыкты

Бүткүл дүйнөлүк банктын Бишкек жана Ош шаарларынын инфраструктурасын жакшыртуу долбоорунун алкагында “Баш-Кара-Суу” суу тосмосунун курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, курулуш иштерин аткарууга жалпысынан 320 миллион сом жумшалат. Анын 10 пайызы жергиликтүү бюджеттен каралса, 10 пайызы Каржы министрлиги тарабынан бөлүнүүдө. Калган 80 пайызды Бүткүл дүйнөлүк банк бөлүштүрдү. Долбоорду аяктоо 2014-жылга белгиленген. Ал Ак-Ордо, Арча-Бешик, Ынтымак, Ак-Өргөө конуштарын, Жогорку-Орок жана Сокулук районунун айрым айылдарынын 100 миңден ашуун тургундарын суу менен камсыз кылат. “Баш-Кара-Суу” суу тосмосунун жалпы кубаттуулугу саатына 1500 метр кубду түзөт. Аталган суу берүү объектисинен Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүндөгү конуштарга чейинки тартылган суу берүүчү түтүктөрдүн узундугу 12 миң 800 метрди, диаметри 450 миллиметрди түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан