Өлкөнүн түштүк аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн, 30-апрелде Кыргыз өлкөсүнүн түштүк аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

ӨКМнын маалыматына таянсак, саат 12:30 чамасында Ош облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен зилзала катталган. Жер титирөө Чоң-Алай районунун Кара-Шыбак, Жар-Башы, Ачы-Суу айылдарында 2 баллга чейин жеткен. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, жер титирөөдөн кыйроолор жана жабыр тарткандар жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан