Ош шаарында "уят видеолорубузду ата-энеңе көрсөтөм" деп кызды 2 жылдан бери коркутуп, зордуктап жүргөн жигит үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын баш коргоо чарасын 30-апрелде Ош шаардык соту караган. Сот жабырлануучу өзү тосмо арыз жазып бергенине байланыштуу күнөөлүүнү тергөө иштери бүткөнгө чейин үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган.
Эскерте кетсек, Ошто 26 жаштагы жигит өзүнөн 2 жаш кичүү кызды "экөөбүздүн сексуалдык иштерибизди видеого тартып алгам, мен каалаган учурда келип турасың. Болбосо ал видеону ата-энеңе көрсөтүп, интернетке чыгарам" деп 2 жылдан бери коркутуу жолу менен жыныстык катнашка барып жүргөнүн Ош ШИИБинен билдиришкен.