Биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев Санкт-Петербург облусунун губернатору Георгий Полтавченко менен жолугушту

Бүгүн, 20-июнда биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев кыргыз-санкт-петербург соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташуу боюнча өкмөт аралык биргелешкен комиссиянын 4-жыйынына жана Санкт-Петербург Эл аралык экономикалык форумуна катышты. Бул туурасында  өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Форумдун ишине катышуу алкагында Жоомарт Оторбаев Санкт-Петербург губернатору Георгий Полтавченко менен жолугушту. Анын жүрүшүндө тараптар акыркы жылдардагы эки тараптуу кызматташуунун өнүгүү динамикасын белгилешти. Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу ишинин башталышын эске алуу менен тараптар кадрларды окутуу, кеңеш алуу, тажрыйба алмашуу, атайын жабдууларды берүү жолу аркылуу энергетикалык тармактагы байланыштарды чыңдоо зарылдыгын билдиришти. Жолугушуунун соңунда Жоомарт Оторбаев жана Георгий Полтавченко 2013-2015-жылдарга карата Кыргызстандын өкмөтү жана Орусиянын Санкт-Петербург өкмөтү аралык экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташуу боюнча 2004-жылдын 24-февралындагы келишимди ишке ашыруу боюнча кызматташуу программасына кол коюшту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан