Кенияда суу ташкынынан 70 адам каза болду


Кенияда катуу жааган жаандан үйлөрдү суу каптап 70тен ашуун адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бир айдан бери тынбай жааган жамгырдын кесепетинен 40 миңден ашуун адам үйлөрүнө кайтып бара албай жатышат. Буга чейин суу каптоонун айынан 211 миң адам турак жайларын таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Мындан сырткары, Кениянын энергокомпаниясы өзүнүн суу сактагычындагы сууну коё бергендигине байланыштуу 2 жумадан бери Тана дарыясынан суу ашып жатканы да айтылат.

"Нөшөрлөп жааган жамгырга байланыштуу өлкөдө миңдеген адамдардын өмүрүнө коркунуч жаралуусу сакталууда. Биздин кызматкерлер жана ыктыярчылар кооптуу кырдаал жаралган аймактарда, элди көчүрүү үчүн күнү-түнү иш алып барууда", - деген "Кызыл Крест" коомунун катчысы Аббас Гуллет.

Ошондой эле маалыматта суу каптаган айылдардын жашоочулары чарбачылык, мал жандыктарынан толук айрылып калганы кошумчаланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
TazaKyrgyz
2018-05-01 13:38:22
Кудай ушундай кырсыктан сактасын
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан