Өлкөгө 30 миллион сомдук уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирген адамдар кармалды

Мамлекеттик Бажы кызматынын кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-апрелде Жалал-Абад облусунда дүйнөлүк маркадагы жүктөрдү алып бара жаткан жүк ташуучу унаа токтотулуп текшерилген. Натыйжада товарлардын тиешелүү документтери жок болуп чыккан.

"Белгилүү болгондой, бажы кызматкерлери жүктүн ээлери менен сүйлөшүп, импорттук товарды бажы көзөмөлүнөн текшербей туруп өткөргөндүгү аныкталган. Жүктөрдү текшерген учурда декларациялары жок ар кандай үлгүдөгү уюлдук телефондор табылган. Алардын болжолдуу баасы 30 миллион сомго жетет", - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Ош облустук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 315-беренеси (кызматтык жасалмалоо), 204-берене (аткезчилик) менен кылмыш иши козголду. Учурда иликтөө иштери улантылып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
fantomas
2018-05-01 12:26:26
Бул телефондор Манас аэропортуна келип тушчу эле, ошол жактан алып келе жатса керек да...

Болбосо самолет менен ташылып жаткпн контрабанда, самолет кулагандан бери фуралар менен ташылып калганбы?!!
+6
Kojo1995
2018-05-01 14:28:02
Раисанын товары болсо керек. Дачи суданыдай эле
+4
almanbetperm
2018-05-01 12:28:16
Бир самолёт телефондун ээсин таба албай койдунар, муну кантип кармап алдынар, же таштаган эмесда акчадан
+15
fantomas
2018-05-01 12:28:49
Бул кандуу жуктун ээси ким экенин эл билет, бирок бийлик билмексен болуп келет. Силер болгону жук ташыгандарды кармапсынар, ал жуктун чыныгы ээсин кармоого духунар жетет бекен?!!
+8
fantomas
2018-05-01 12:33:28
Манас аэропорту жакта 2 фура ушундай контрабанда менен кармалып, жук аэропортто турганын Текебаев барып чукуп чыкпаганда эч кимдин кабары да болмок эмес. Бирок ошол иш ошол бойдон калды, жуктун ээсин УКМК менен прокуратура билип турса да билмексен, кормоксон болуп коюшту, анткени жуктун ээси алардын "шефи" болуп жатса...Демек ошол кандуу жук, электроникалык контрабанда токтой элек экен да...ХХХХХХХХХХХХХ
+3
madina.87
2018-05-01 15:28:06
Кармаптыр жакшы,мурда мынтип ачык айтышпайт элего
+1
altyn7776
2018-05-01 17:01:33
Сооронбай Шарипович элдик ажо болсо дача суу окуясы толук изилденип куноолуулор жазаланышы керек. Досуна карабаса озу айтмакчы.
+1
fantomas
2018-05-01 17:44:17
altyn7776, быльыры кандуу жук боюнча жаны жагдайлар ачылып жатканда Соке Окмотту жетектеп турган. Кол алдында ИИМ ж.б.министрликтер бар болуучу. Ошондо бул ишти жаап-жашырган адам бугун башкача кадам таштайбы?!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан