Бүгүн, 8-майда 10 жыл оппозицияда жүргөн Никол Пашинян экинчи аракети менен Армениянын премьер-министри кызматына шайланды. Анын студенттик кези, журналисттик карьерасы, үй-бүлөсү, бийлик менен күрөшүүсүндөгү кызыктуу фактылары менен таанышууну сунуштайбыз.
Окуудан айдалган "оппозиционер" студент
Армениядагы элдик толкундоолордун лидери, оппозиционер, парламент депутаты Никол Пашинян 1975-жылы Армениянын Иджеван шаарында туулган. 1991-жылы мектепти аяктаган соң Ереван мамлекеттик университетинин журналистика факультетине тапшырат. Бирок диплому колго тийген эмес. Себеби университетти аяктай турган жылы чечүүчү экзаменге 2 апта калганда саясий көз карашынан улам окуудан айдалып кеткен. Буга анын университеттин жана өлкөнүн жетекчилигине карата айткан сын пикирлери себеп болгон. Азыркыга чейин анын окуу жайды бүтпөй калганы кызуу талкууланып келет. Мындай сындардан тажаган Пашинян 5 жыл ичинде билимдүү, алдыңкы студент болгонун далилдөө үчүн "Сынак китепчесинин" көчүрмөсүн интернетке жарыялаган.
Журналистикадан саясатка карай...
Пашинян журналисттик ишмердүүлүгүн студент учурунда эле баштаган. 1993-1994-жылдары "Дпрутюн" гезитинде катардагы журналист катары иштеп, эмгек жолуна "расмий старт" берген. Андан соң 3 жыл оппозициялык маанайдагы бир нече гезитте калемин курчуткан. Мындан кийин дагы 2 жыл "Лрагир" аттуу жеке гезитин негиздеп, оппозициялык "Айкакан жаманак" гезитинде башкы редакторлук кылган. Ошол учурларда болочок саясатчы курч, сынчыл макалалары менен коомчулукка таанылган. 2008-жылкы президенттик шайлоодо Левон Тер-Петросяндын үгүт иштерине жардам берген. Левон Тер-Петросян өлкөнүн биринчи президенти болгону белгилүү. Шайлоодо Серж Саргсян жеңип чыккан соң добуш берүүнүн жыйынтыгына каршы Ереванда чоң митингдер башталат. Шайлоого карата Пашинян "бул шайлоо эмес, бул - кылмыш" деп баа берип, элди мыйзамсыздыкка каршы турууга чакырган. Ошол окуядан кийин ал "башаламандыкты уюштурган" деген жүйө менен кармалып, 2010-жылы 7 жылга эркинен ажыратылган. Мунапыска ылайык жаза мөөнөтү кыскартылган Пашинян бир жылдан кийин эркиндикке чыккан. 2012-2017-жылдардагы парламенттик шайлоодо жеңишке жетип, оппозициячыл депутат катары таанылган.
Армениянын Өмүрбек Текебаеви
Пашинян 2 ирет парламентке депутат болуп шайланган жана ар дайым оппозицияда болуп, бийликти кескин сындап келген. Никол Пашинян элдик толкундоолордун башында туруп, жарандардын укуктары үчүн күрөшкөндүгү жана эркин көз карашы менен Кыргыз саясатчысы, абактагы экс-депутат Өмүрбек Текебаевге окшош. Текебаев 3 президентке каршы болуп, алардын чечимдерин, кадрдык саясатын сындап келсе, Пашиняндын да акыркы 10 жылдык саясий ишмердиги Армениянын экс-президенти Серж Саргсянды жана анын командасын сындоо, каршы туруу менен өткөн. Пашинян да Текебаев сыяктуу күчтүү парламентаризмди жактайт. Пашинян саясий себептерден улам абакка отуруп чыкканы менен кайра эле оппозициялык күрөшүн токтоткон эмес. Текебаев да учурда абакта отурат жана анын соттолгонун саясий себептерге байланыштырып келишет.
Пашинян менен Саргсяндын 10 жылдык тиреши
Никол Пашинян 2008-жылдагы президенттик шайлоодон бери экс-президент Серж Саргсян менен каршылашып келет. 2013-жылы экинчи мөөнөткө шайланган Саргсян 2015-жылы Конституциялык реформага барып, өлкө парламенттик башкарууну тандаган. Жаӊыча башкарууга Армения толугу менен 2018-жылы өттү. Ага ылайык, өлкөдө премьердин ыйгарым укуктары күчөп, президенттин бийлиги кыскарды. Ушул жылы 2-мартта Армениянын парламенти президенттикке Армен Саркисянды, ал эми 17-апрелде экс-президент Серж Саргсянды премьер-министр кылып шайлаган. 2014-жылы Серж Саргсян референдум өткөрүүнү сунуштап жатып, "мен кайрадан президенттикке ат салышпайм. Эгер биз парламенттик башкарууну тандап алсак да премьер-министрликке барбайм" деп жарыялаган. Бирок бул убадасын бузуп, премьерликке келди. Саргсянды жаӊы кызматка парламентте көпчүлүктү түзгөн "Армения республикалык партиясы" фракциясы сунуштаган. Серж Саргсян - 2007-жылдан бери аталган партиянын лидери. Пашинян Армениянын коопсуздугу жана өнүгүүсү үчүн Саргсяндын бийликтен кетишин талап кылып келген. Ошондой эле ал Армения Орусияга да, батышка да көз каранды болбошу керек деген пикирде. Пашинян өзүнүн саясий позициясы жөнүндө: "Биздин өлкө көз карандысыздыкты алган. Орусия Армениянын ички ишине кийлигише албайт. Мен батышчыл да, орусиячыл да эмесмин. Мен Армениянын кызыкчылыгын жактаган саясатчымын", - деп айткан.
Жеке турмушу
Никол Пашиняндын жубайынын ысымы - Анна Акопян. Ал учурда "Айкакан жаманак" гезитинин башкы редактору. Экөөнүн ортосунда 4 баласы бар: бир уул жана үч кыз. Аялы менен уулу Пашинян уюштурган митингдерге активдүү катышып келет. Үй-бүлөлүк бизнесин Анна Акопян жүргүзөт. 2017-жылы Пашинян 16,5 миң доллар киреше тапкан. Депутаттык кирешеси анын жетиден 1 бөлүгүн гана түзөт.