Социалдык тармактарда Бишкектин Маевка айылындагы мектепте 1-класста окуган баланы 5-8-9-класстын балдары зордуктаган деген маалымат тарап жатат.
Бишкек шаардык милициясы факт Биринчи Май РИИБ тарабынан каттоого алынганын , Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси (Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) менен кылмыш иши козголгонун билдирди. Шектүү катары 16 жаштагы өспүрүм кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Кылмыш иши боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, ар тараптуу тергөө иштери жүрүүдө. Шаардык милиция иш жетекчиликтин жеке көзөмөлүндө экенин кошумчалады.