Бүгүн, 21-июнда 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкектеги 3-кичи райондун №1-7- 3-10-көп кабаттуу үйлөрүндө, Термечиков көчөсүндөгү №-2- 4-6-8-үйлөрдө, Тойгонбаев, Кузбасский, Атбасарский, Токтогул, Турусбеков, Табышалиев, Жибек Жолу, Күрөңкеев, Араван, Кудрука көчөлөрүндө электр жарыгын берүү убактылуу токтотулат. Ошондой эле ушул эле убакытта Чүй облусундагы Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарынын Кара-Балта, Рабочий, Целинный көчөлөрүндө, Новониколаевка айылындагы Новостройка, Западный көчөлөрүндө, Кемин районундагы Орловка шаарынын Жеңиш, Ленин көчөлөрүндө, Кемин шаарындагы Жеңиш, Строительный көчөлөрүндө, Төрт-Көл айылынын Центральный көчөсүндө, Алтымыш айылында, Сокулук районуна караштуу Белек, Жыламыш айылдарында электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт. “Түндүк электр” ишканасы билдиргендей, электр энергиясынын убактылуу өчүрүлүшү тармактардын кышкы-күзгү даярдыкка кам көрүү, алдын ала чара көрүү үчүн аба электр берүү чубалгыларынын зым тиректерин алмаштыруу, зымдарды тарттыруу иштерине байланыштуу болот.