Бишкекте “Аскердик боордоштук” эл аралык уюмунун Улук кеңешинин жыйыны өттү

Кечээ, 20-июнда Бишкек шаарында Ооган согушунун ардагерлер бирикмелеринин “Аскердик боордоштук” эл аралык уюмунун Улук кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Жыйынга Орусия, Тажикстан, Армения, Белорусь, Казакстан, Кыргызстандан өкүлдөр катышты. Ошондой эле ага Кыргызстандын бардык аймагынан ардагерлер чакырылган. Согуш ардагерлеринин социалдык маселелерин эл аралык деңгээлде чечүү ишин алпара турган “Аскердик боордоштук” эл аралык уюмунун бул жолку жыйынынын күн тартибинде Чыгыш Европа жана КМШ өлкөлөрүнүн согушка катышкан депутаттардын Парламенттер аралык ассамблеясын түзүү маселеси каралды. Улук кеңеш жыйынын Кыргызстандын Ооган согуш ардагерлер кеңешинин төрагасы, ЖК депутаты Нурлан Төрөбеков президент Алмазбек Атамбаевдин куттуктоо катын окуу менен ачты. Ошондой эле, ооганчылар менен катар ЖКнын депутаттары Карганбек Самаков, Нурлан Төрөбеков, Кожобек Рыспаев “Аскердик боордоштук” эл аралык уюмунун эстелик төш белгиси менен сыйланышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан