Бүгүн Бишкекте кызматтык бош орундардын жарманкеси өтөт
Бүгүн, 21-июнда Бишкектин Келечек жаңы конушундагы №87-мектепте
борбор шаардагы кызматтык бош орундардын жарманкеси өтөт. Иш-чараны Эмгек,
миграция жана жаштар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгы уюштурууда. Жарманкеге 14 мекеме,
ишкана катышат. Жумуш издегендерге борбордогу ишкана, мекемелердеги 4 миңден ашуун кызматтык
бош орундар сунушталат.