ЭЛДИК КАБАР: "Бишкекте мас айдоочу бир жол кырсыгына себепкер болуп качып келип, дагы бир унааны сүзүп алды" дейт окурман

Бишкекте мас айдоочу бир жол кырсыгына себепкер болуп качып келип, дагы бир унааны сүзүп алды. Мындай маалыматты "Элдик кабар" бөлүмүнө окурман кабарлады.

"Кечээ, 1-майда саат 21:00дөр чамасында Бишкек шаарынын Иса Ахунбаев жана Манас кең көчөсүнүн кесилишинде жол кырсыгы болду. Анда Honda Stream үлгүсүндөгү унаа Lexus RX330 үлгүсүндөгү унааны сүзүп алды. Honda Stream үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу мас абалында экен. Кийин аны дагы бир адамдар издеп келишти. Көрсө, бул жол кырсыгына чейин Honda Stream үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Ахунбаев Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишинде бир унааны сүзүп качып кетиптир", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан