Токтогулда жүк ташуучу унаа жөө адамды сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырган. Экинчи унаа жолдо жаткан адамды тебелеп 16 метрге чейин сүйрөп кеткен

Бишкек-Ош жолунда унаа жөө адамды сүзүп, ал каза болду. Айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспектору Айбек Сатыбалдиев билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 1-майда саат 21:00дөр чамасында Камбар-Ата шаарчасынын жанында Бишкек-Ош унаа жолунун 328-чакырымында жолдо белгисиз адамдын жансыз денеси жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери, маркумду унаа сүзүп каза болгонун аныкташып, жанынан белгисиз унаанын сыныктарын табышкан.

"Ал адамды белгисиз унаа сүзүп окуя болгон жерден качып кеткен. Кийин дагы бир унаа жолдо жаткан жансыз денени байкабай тебелеп, 16 метрге чейин сүйрөп кеткен. Териштирүү иштеринин натыйжасында маркум 68 жаштагы Т.Т. аттуу Кара-Көл шаарынын тургуну экени белгилүү болгон. Кийин иликтөө иштеринин натыйжасында арадан 2 сааттай убакыт өткөндөн кийин каза болгон адамды сүзүп качып кеткен VOLVO FH12 420 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын айдоочусу кармалып, окуя болгон жерде калган сыныктар ага тиешелүү экени аныкталган. Ал унааны 50 жаштагы Т.Н. аттуу Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну башкарып бара жаткан. Учурда унаа айып аянтчасына токтотулуп, териштирүү иштери жүрүп жатат", - дейт Сатыбалдиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
fantomas
2018-05-02 13:56:16
Бул жол кырсыктары качан азаят?!! Окмот алмашты, министрлер алмашты, жол кысыгы боюнча статистика алмашкан жок... Ара кундо кандуу жол кырсыктары...

Жол кырсыгын чече албаган Окмоттун "профессионалдуулугуна" эмне деп айтса болот?!!
+1
Azatbek.Svoboda.
2018-05-02 15:40:53
fantomas,Атын өзгөртүп, атын өзгөрткөндө эмне пайда чоңун алмаштырыш керек дейбиз! Башка эле жаңы кадрларды койуш керек. Кайра эле эскилерди шайлай бербей! Мыйзамды баарына бирдей жоопкерчиликтүү кылса! Айдоочулар да чөлдө айдагандай айдабай акырын айдашса болмок.Эл да өзүн оңдош керек бирөөнү ойлош керек. Рульга олтургандар өздөрүн ракетага олтургандай сезбестен!
+2
Pamirlan
2018-05-02 13:59:21
Сузуп туруп качып кеткени эмнеси. Башы жок айдоочу. Жакындарына сабыр
+5
aidai9594
2018-05-02 14:58:47
Кармалбай калчудай качып кетишет тообо. Андан коро 5 мунот эрте болсода жардам берсе аман калат беле
+2
abon
2018-05-02 17:46:51
еее моё, бул не деген кундор болду??? бири уруп жыгытып берсе, экинчиси тебелеп ал дагы жетпегендей суйроп кетсее, . шашылбай айдаш керек негизи, айып эки жактан тен болот, айдоочу атайын урам дебейт эчкачан, анан жургунчу да жолдо кок тус куйушун кутуш керек, а то 5-6секунда барындале чуркап чыгат кее бирлер,!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан