Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын мамлекеттик кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Бүгүн, 21-июнда президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн мамлекеттик кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу Кыргызстандын мамлекеттик кызматчылары!Бийликтин күчү – элдин ишениминде. Бул ишеним ар бирибиздин – ар бир мамлекеттик кызматкердин иш-аракетинен жаралат. Мамлекеттик кызмат жана анын жоопкерчилиги көп нерсеге милдеттендирет. Адамды өз абийиринин  алдында, эл алдында таза болушун талап кылат. Бардыгыбыз Исхак Раззаковдун “сен таза болсоң, мен таза болсом, коом таза болот” деген сөзүн эстен чыгарбасак. 

    

Биз эркин, демократиялуу, гүлдөгөн Кыргызстанды курууга умтулуп жатабыз. Бул бийик максатка жетүү үчүн өлкөдө туруктуу жана кесипкөй мамлекеттик кызматты калыптандырууга тийишпиз.

Ар бир мамлекеттик кызматкер эркин ой жүгүртүүгө, өз алдынча аракеттенүүгө жана чечимдери үчүн жоопкерчиликти мойнуна алууга жөндөмдүү болууга тийиш. Биз улуттук кызыкчылыктарыбызды коргоого, Мекенге, элибизге  ак ниет кызмат кылууга милдеттүүбүз.  

    

Сиздердин бардык күч-аракетиңиздер мамлекеттүүлүктү, өлкөдөгү тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого, демократияны өнүктүрүүгө, мыйзамдуулукту камсыздоого, карапайым адамдын турмушун жакшыртууга багытталууга тийиш. 

Жаратмандыктын жана иштермандыктын мезгили келди. Биз элибиздин ишенимин актап, биргелешип жаңы Кыргызстанды курууга милдеттүүбүз.

    

Урматтуу мамлекеттик кызматтын кызматчылары!

Бардыгыңыздарга чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакты-таалай, бакубат турмуш жана  ишиңиздерге ийгилик каалайм! Кыргызстаныбыз тынчтыкта  гүлдөп, өнүгө берсин!”

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан