Чүй облусунун Токмок шаарындагы убактылуу кармоочу жайдан качкан 3 бала тергөө абагына которулат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Токмок шаарындагы убактылуу кармоочу жайдан качып кеткен жарандарга карата Кылмыш-жаза кодексинин "эркиндигинен ажыратуу жайынан же камактан качуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Бүгүн алардын баш коргоо чарасы каралып, Чүй облусунун Вознесеновкадагы №16-тергөө абагына которулат", - дешти мекемеден.
Айта кетсек, 1-май күнү саат 07:00 чамасында Токмоктогу убактылуу кармоочу жайдан 3 адам дубалды бузуп качып кетишкен.