ЭЛДИК КАБАР: "Оштогу борбордук көчөлөрдүн биринде сулуулук салонун тротуарга куруп алышкан, буга ким уруксат берген" дейт окурман

"Оштогу борбордук көчөлөрдүн биринде сулуулук салонун тротуарга куруп алышкан, буга ким уруксат берген?" деп окурман "Элдик кабар" бөлүмүнө кабарлады.

"Ош шаарынын Апсамат Масалиев кең көчөсүндө сулуулук салонун тротуарга чыгарып куруп алышкан. Сулуулук салонуна чейин тротуардын туурасы 2 метрдей болот, ошол жерге келгенде туурасы 50 сантиметрдей эле болуп калат. Менин оюмча, бул эч кандай стандартка туура келбейт. Бул абалды тийиштүү тарап текшерип, калыбына келтирүүсүн өтүнөм. Ошондой эле аталган курулушка ким уруксат берсе, аны да жазага тартууну унутушпаса", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Beks.Kasymov
2018-05-02 15:49:49
дом бытаго
+2
fantomas
2018-05-02 15:57:08
Каырбековду эбак эле камаш керек эле... Чукуса онор эмес былыгы чыгат...

Бул да ошол жол берген паракорлуктун бир чекеси...

Мэрия менен гос.регистрдин уруксаты болмоюн кантип курмак эле, пара берген да мэрия менен гос.регистрдин адамдарына...

Эми актанып чыгышат, кабарыбыз жок болуучу, чара коробуз деп калп эле билмексен болушуп... Олумуш болушуп...
+8
Imrana.01
2018-05-02 16:04:14
Дарья салону

+3
-Sumitra-
2018-05-02 16:10:23
Дарьянын эшиги эле экен го)))
+3
Asyl10
2018-05-02 16:36:41
Военный кафедрага жетпей коп кабаттуу уйдун подвалына ачылган салон, бирок сыртын жолду тосуп куруп алышкан. Башкача конструкция кылып,жолду тоспой курушса болмок экен. Автор жол ачылса,билдирип койгула
+2
Kumarchik
2018-05-02 16:41:33
жоопко тартыш керек
+2
33SUUN
2018-05-02 16:53:25
Ватсапка берилип телефон чукулап бараткан болсон тоголонгон бойдон салонго ..
+14
abon
2018-05-02 17:41:45
33SUUN,хаха* ) элестеттимго))))
+2
Asan123
2018-05-02 17:13:37
Азаматсын ким болсон дагы ушуга ошогон туура эмес.элге зыяны тийген нерселерди чекеден чыгаргыла базарды да чыгар
Адамдан машина кобойду матиздерди тепселеп алайын дейсин алдагы тиричилик деп базарга кирип алат маршрутка жоголуп кетет кирип кеткен бойдон
+4
ola
2018-05-02 17:19:09
Илгери ушул подвалда арак саткан элек ошондо эле салон ачпай
0
abon
2018-05-02 17:40:12
туура тема, отоо эле Глобал дебеймго бирок жол кичине тар болуп калганго, эки тараптан тен адам келсе кысылып калат, же желкесин сузуп кетет
+1
BBB88
2018-05-02 19:50:18
Тез арада чара коргуло мен ушул салонду туну сузуп алгам
+5
asman.81
2018-05-02 21:10:05
Азыр Ошто бардак,биздин домго улап,домдун астын да кошуп тешип,гостница кылып иштетип атышат.Эко.тех.инспецияга,Ак буура милициясына,Мэрияга уч торттон арыз жаздык.Караган адам жок.Эч кандай уруксаты да жок,тигил гостница кылып иштетип аткандардын.Азыр жогорку бийлик окулдорунон умут этпей турган эле заман болуп калды.!!!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан