“Мен агыман жарылам” деген акыйкатчы Турсунбек Акун бүгүн, 21-июнда жарылганга даяр экендигин билдирди. Маалыматка ылайык, кечээ Жогорку Кеңештин жыйынында акыйкатчынын жылдык отчёту угулмак. Айтымында, ал кечээ жарылууга даяр болчу. “Бирок мага аны жасаганга жол беришкен жок”, - дейт акыйкатчы. Эске салсак, кечээ, 20-июнда ЖКда акыйкатчынын ишмердүүлүгүн жана аны кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгы жок болгондуктан, акыйкатчынын отчётун кароо кийинки жумага жылдырылган. Мындан улам Турсунбек Акун өз оюн жана Батукаевдин иши боюнча өз көз карашын, премьер-министрдин, башкы прокурордун, президенттин жана башкалардын ишмердүүлүгү тууралуу оюн билдирүү үчүн бүгүн, 21-июнда маалымат жыйын берерин маалымдады.