Нарында 19 жаштагы тургун эшектерди уурдап жүргөн деп кармалды

Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун 19 жаштагы тургуну эшектерди уурдап жүргөн деп кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кочкор РИИБине Кара-Күңгөй айылынын үч тургуну арыз менен кайрылышкан. Арызда ушул жылдын 17-апрелинен 18-апрелине караган түнү арыз ээлеринин короосунда байланып турган эшектерди белгисиз жаран уурдап кеткен. Мындан улам айылдан бир түндө үч эшек жоголгон. Жогорудагы фактылар боюнча ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Кочкор районунун Кара-Саз айылынын 19 жаштагы А.К. аттуу тургуну кармалган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (мал уурдоо) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Ermekbai
2018-05-03 09:59:39
Эшекке уурдаганга статия жок дечүү элего. Жакшы болуптур. Ушул эшек бизнесин токтото албадыңар а бийликтегилер демек өзүңөр турат экенсиңер бизнестин башында. Эл өзүбүз таап жазалайт окшойбуз....
-1
Miss.erkewka95
2018-05-03 10:09:55
Ermekbai,эмнеге жок? Эшек деле бирөөнүн менчиги. Ага чөп салат, жем берет, суугарат. Пайдасына иштетет. Балким кимдир бирөөдө жалгыз эшегинен башка, нан табаары жоктур. Элестететиң эми анысыда уурдалса....
+2
taalay25
2018-05-03 21:04:49
Ermekbai,ооба эшекке статья жок.
-1
Miss.erkewka95
2018-05-03 10:07:11
Ой ушу Эшек такыр түшпөс болдуго жылдыздыктан))) Биздин кошунанын баласы деле 20чакты эшек уурдап кармалып, түкүнчө акча (штраф) берип, үй кароосунда олтурат.

Бир жагынан күлкүң келсе, бир жагынан бооруң ачыйт.
Эр азамат жигиттин ушул кылганы туурабы?
+6
Mamiev
2018-05-03 11:43:08
Ой акмактаар.Силерге соз жок.Кытайга канча деген эшектер уурдалып кетип жатат сурот видеосун коргозсо да ундободунор.Силерде намыс деген жок сурасан ал эмне намыс десе керек
+1
titanik32
2018-05-03 11:51:34
Эшекти көбөйтөлү туугандар,ансыз да тукум курут болуп жок болуп кетип жатат.
+1
Sarinakg
2018-05-03 11:55:12
эшектер теректи гажып эгинин аралап чарчатат эде эми эшек бир маалада бир же эки эшек калды
+1
simone
2018-05-03 18:06:38
Эшекти кызыл китепке киргизип, кол тийбестик берип эле жаныбыз тынат окшойт
0
omurbek.oma
2018-05-03 20:31:44
Акыры кармалдынбы Сосед. Эки жылдан бери карматпай журду эле.
0
omurbek.oma
2018-05-03 20:33:36
Дагы Акча берип бутуросун да
0
muni.98-98
2018-05-03 22:15:00
Бийликте да толтура эшектер. Эшектердин заманы болтат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан