Кыргызстан делегациясы БУУнун адам укуктары боюнча 23-сессиясына байкоочу мамлекет катары катышты

27-майдан 13-июнга чейин БУУнун Женева шаарындагы штабында БУУнун адам укуктары боюнча кеңешинин 23-туруктуу сессиясы өттү. Анда Кыргызстандын делегациясы байкоочу мамлекет катары катышты. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет. Бул сессиянын жүрүшүндө Кыргызстан тарап БУУнун адам укуктары боюнча кеңешинин мүчө мамлекеттеринин адам сатуу, мигранттардын укуктары, аялдарга карата зомбулукту алдын алуу маселелери жана башка багыттарда бир катар демилгелерин колдоду. Сессиясынын жыйынтыгында жарандык, саясий-экономикалык, социалдык жана маданий укуктарын, ошондой эле өнүгүү жана мамлекеттерге техникалык колдоо көрсөтүү укугун камтыган 27 резолюция кабыл алынды. Кыргызстан байкоочу мамлекет катары БУУнун адам укуктары боюнча кеңешинин ишине мындан ары да жигердүү катышууга, бул органдын таасирдүү иштешине көмөктөшүүгө ниеттенүүдө.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан