Бишкекте Индонезияда өтүүчү 18-Азия оюндарына карата өспүрүмдөрдүн "Fun Run-2018" аттуу жарышы орун алды

Бүгүн, 3-майда Бишкек шаарында Индонезияда өтүүчү 18-Азия оюндарына карата өспүрүмдөрдүн "Fun Run-2018" аттуу жарышы орун алды.

Дайыр Асанов атындагы сейил багында орун алган жарышка борбор калаанын 15 жашка чейинки өспүрүмдөрү катышты. Жарыштын ачылыш аземинде Азия оюндарынын башкы катчысы Эрис Херриянто, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев жана Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Жоомарт Шамканов катышты.

Аталган жарыш 1 чакырым аралыкта өтүп, ага 500гө чукул өспүрүмдөр катышты. Жөө күлүктөр жаш категория боюнча 5 тайпага бөлүнүштү. Жарыштын жыйынтыгында ар бир тайпадан алдыңкы 10 жаш спортчу медаль, сертификат жана башка баалуу байгелерге ээ болду.

Айта кетсек, "Fun Run" жарышы 2006-жылдан бери Азиянын Олимпиадалык комитетинин колдоосу менен өткөрүлүп келүүдө. Жарыштар Жакарта жана Палембанг шаарында өтүүчү Азия оюндарына үгүттөө максатында өтүп, 45 өлкөдө орун алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан