Бишкек-Ош унаа жолунда каза болгондордун биринин аты-жөнү такталбай жатат

Бишкек-Ош унаа жолунда катталган жол кырсыгынан каза болгон жарандардын биринин аты-жөнү такталбай жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, каза болгондордун бири Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын тургуну 20 жаштагы А.С., экинчиси Кара-Көл шаарынын тургуну 18 жаштагы К.А. Ал эми үчүнчү 20-25 жаштар чамасындагы кыз кишинин аты-жөнү такталбай жатат.

Унаанын айдоочусу 20 жаштагы И.А. денесинен оор жаракат алып, Таш-Көмүр шаардык ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ал бир тууган агасына тийиштүү унааны айдап, Бишкек шаарына келе жаткан.

Эске салсак, бүгүн, 3-майда эртең менен Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталган. Кырсыктан 3 адам каза болуп, бир адам ооруканага жеткирилген.

Ош-Бишкек жолунда каргашалуу кырсык: 18-20 жаштагы 3 адамдын өмүрү кыйылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Beknur10
2018-05-03 15:19:32
Кырчындай жаш омурлор Аллахым оз мееримине ал!!! Мамлекет куноолуу эмес буларга бул кырсык
+5
abon
2018-05-03 15:27:39
айдоочу бала, каяка шашып баратат Элен??? Ошо дарегине 1-2 саат кечиксен сени эчким урушпайт эле, Маркумдардын жакындарына сабр берсин!!!
+7
Benazir08
2018-05-03 16:16:50
А И десенер анан А менен Инин жанында ким экенин квйдан билишет Айбек мн Илгиздин деп эле жазгыла да а аа алар мн баланча жолго чыкты эле деп кайрылышат
+2
nurhan2702
2018-05-03 16:34:12
Ии кудай сактай кор ушундай кырсыктан. Жакындарына сабыр тилейбиз.
+1
bibi87
2018-05-03 17:38:40
Тоо Ашууга 20жаштагы бала жаштык кылат деп ойлойм, тажрыйбасы аз.. жайларын жаннаттан кылсын Жараткан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан