Кара-Суу районунда 10 жаштагы бала менен 67 койду тебелеп кеткен унаа "Coca Cola" компаниясына таандык болгон. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.
"Кырсыкка учураган унаа "Coca Cola" компаниясына таандык болгон. Ал Кара-Суу РИИБинин айып аянтчасына токтотулуп, айдоочусу 1997-жылы туулган Алай районунун тургуну Н.Б. убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда сурак берүүдө. Кырсыктын келип чыгуу себептери иликтенип жатат. Тергөө иштеринин жыйынтыгы менен толук маалымат берилет", - дейт басма сөз катчы.
Эскерте кетсек, 1-май күнү Алай районунан Ош облусун көздөй бара жаткан унаа Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там унаа жолунда кырсыкка кабылган. Тактап айтканда, жол боюнда койлорун айдап бара жаткан 10 жаштагы баланы жана койлорду сүзүп токтогон. Кырсыктын кесепетинен 67 кой өлүп, Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн Бекжар айылынын тургуну М.Б. алган жаракатынан улам ооруканага жетпей каза болгон.
Учурда SUPER.KG порталы жогоруда аталган компания менен байланышып, экинчи тараптын оюн угууга аракет кылууда.