Баткен. Баткенге вице-премьер-министр Токон Мамытовдун келиши күтүлүүдө

Бүгүн, 21-июнда  вице-премьер-министр Токон Мамытовдун Баткенге келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусу боюнча өкүлүнүн маалымат катчысы маалымдады. Токон Мамытов Кадамжай районунун Марказ айыл округунда болгон чек ара чырына байланыштуу иш сапары менен келет. "Учурда абал тынч, бирок Кыргызстан менен Өзбекстандын чек араларында абалдын курчуп кеткендигине байланыштуу Кадамжай районундагы “Чечме”, “Кадамжай” чек ара өткөрүү бекеттери жабылган",- деди басма сөз катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан