Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча 415 миң адам жөлөк пул алат. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 21-июнда билдирди. Маалыматка ылайык, аз камсыз болгон жөлөк пул алуучу адамдардын саны учурда 9 пайызга кыскарган. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, быйылкы жылы жөлөк пул алуучулардын жашоосунун жакшырышы үчүн министрлик минималдуу кепилдик кирешени 370 сомдон 580 сомго чейин көбөйткөн.