Бүгүн, 4-майда Ысык-Көл жана Ош облустарында каналдардан суу ашып, 13 үйдүн короо-жайын каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Савай айылындагы "Коңурат" каналынан саат 04:00 чамасында суу ашып, болжол менен 10 турак үйдүн короо-жайын каптаган. Учурда каналдын суусу азайтылып, райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо иштерин жүргүзүп жатканы маалым болду.
Ошондой эле Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын Токтогул көчөсүндөгү тазаланбай калган каналдан суу ашып, 3 үйдүн короосун каптаган. Кырсык саат 10:20 чамасында Каракол шаарындагы Токтогул көчөсүндө болгон. Анда каналдагы тосмого тал, теректин чырпыктары туруп калган. Мындан улам суунун деңгээли көтөрүлүп кетип үйлөрдүн короолорун суу каптаган. Саат 10:30да суу каптоо кесепети толугу менен жоюлган.
Мындан сырткары ӨКМ тарабынан 1-2-май күндөрү жаан-чачын болуп, дарыялардагы суулардын деңгээли көтөрүлөрү эскертилген. Бирок ага карабай каналдагы суулар токтотулган эместиги маалыматта айтылат.