Өкмөт күз-кыш мезгилине карата даярдык көрүү боюнча маселесин кароону башка күнгө жылдырды. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда SUPER.KG порталына өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жыйын жүйөлүү себептерден улам кийинки аптага жылдырылды.
Бүгүн өкмөттө күз-кыш мезгилине карата даярдык көрүү боюнча маселе каралмак. Анда 2018-2019-жылдын күз-кыз мезгилине даярдык тууралуу жана 2017-2018-жылдын күз-кыш жылытуу мезгилинин жыйынтыктары жөнүндө талкууланмак. Баяндаманы Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов жасамак.