Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров Эрдоган менен эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-октябрда, Анкара шаарында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууда кыргыз-түрк кызматташтыгынын актуалдуу маселелери жана эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү талкууланды.

Садыр Жапаров Түркия менен ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого Кыргызстан кызыкдар экенин белгилеп, түрк тарапка жылуу кабыл алуу жана Түрк мамлекеттер уюмунун саммитин жогорку деңгээлде уюштурганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Тараптар саясий диалогду бекемдөө жана өз ара кызыкчылык туудурган тармактарда кызматташтыкты кеңейтүү боюнча пикир алышты. Жолугушууда жетишилген макулдашуулар кыргыз-түрк мамилелерин мындан ары чыңдоого багытталары белгиленди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан