100 миң сомдук зер буюмдарды уурдаган 25 жаштагы тургун колго түштү

Аламүдүн районунда жергиликтүү тургундун 100 миң сомдук зер буюмдарын уурдаган адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн РИИБине 32 жаштагы жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылып, 2017-жылдын декабрь айынын аягында үйүнө белгисиз адамдар кирип, анын зер буюмдарын уурдап кеткенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгымдын суммасы 100 миң сомду түзгөн. Милиция кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам иш аракетинин натыйжасында, бул кылмышка шектелип Бишкек шаарынын 25 жаштагы Ж.Н. аттуу тургуну колго түшүрүлгөн. Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камак алынды. Бул окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (уурдоо) менен кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан