Баткенде аялын сабап өлтүргөн эркек 10 жылга эркинен ажыратылды

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында аялынын өлүмүнө шектелип кармалган 35 жаштагы тургун 10 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Жогорку Сот маалымдады.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 20-январында саат 23:30 чамасында Д.А. аттуу адам мас абалында 37 жаштагы Р.Р. аттуу аялы менен уруша кетип, аялын башына жана бетине бир нече жолу уруп жиберген. Натыйжада, Р.Р. жерге кулаган, анын кулап калганына карабай денесинин ар кайсы жерине тепкилеген. Жабырлануучу алган жаракаттарынан улам эсине келе албай Кызыл-Кыя шаарындагы аймактык ооруканада каза болгон.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон. Сот шектүүнү 10 жылга эркининен ажыратып, жазаны күчөтүлгөн тартипте түзөтүү абагында өтөөсүнө чечим чыгарган.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын январь айында Баткенде 35 жаштагы тургун аялынын өлүмүнө шектелип кармалган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
KG.Kushtarbek
2018-05-04 17:28:40
10 жыл аз Мындайларга
+1
Nevestkaa
2018-05-04 18:04:19
Мыкаачы жыгылып калса да тепкилегенин.
0
Nuri1988Elim2010
2018-05-04 20:07:54
Арактын азабы!
+3
aida007
2018-05-04 21:16:00
10 жылбы 20 жылбы Кудай жазасын берет
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан