3 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы. Маркумдардын кичүүсү мектеп окуучусу болгон

Ош-Бишкек жолунда катталган жол кырсыгынан каза болгондордун аты-жөнү такталды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын тургуну 1998-жылы туулган А.С., Кара-Көл шаарынын тургуну, 11-класстын окуучусу К.А. жана 1999-жылы туулган Кара-Көл шаарынын жашоочусу Д.Б. болгон.

Эске салсак, 3-майда эртең менен Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталган. Кырсыктан 3 адам каза болуп, бир адам ооруканага жеткирилген. Кырсыктан Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын тургуну 20 жаштагы А.С., экинчиси Кара-Көл шаарынын тургуну 18 жаштагы К.А. каза болгон. Ал эми үчүнчү 20-25 жаштар чамасындагы кыз кишинин аты-жөнү такталбай жаткан. Ал эми унаанын айдоочусу 20 жаштагы И.А. денесинен оор жаракат алып, Таш-Көмүр шаардык ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Каза болгондордун бири жакында эле Москвадан келгенин анын тууганы билдирген эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aksy94
2018-05-04 17:52:36
Москвадан келип кызга барган окшойтда жаткан жери жайлуу болсун жараткан куноолорун кечирсин
-2
Bakyt7492
2018-05-04 22:51:31
Чырактай өмүрлөр кыйылды
+2
Pamirlan
2018-05-05 08:50:03
Жакындарына сабыр, кырчындай омурлор кыйылды
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан