Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы алдамчылыкка шектелген аялды кармады. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга шаар жашоочусу арыз менен кайрылган. Арызда ал Г. аттуу аял андан 2017-жылы алдап 2 миң 700 доллар алганын, ошондон бери кайтарбай жатканын билдирген.
Шектүү жабырлануучудан акчаны "күйөөм чет өлкөдөн Toyota Camry алып келип берет" деп алган. Аталган факты боюнча Октябрь райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш ишин козголгон.
"Кылмышка шектелип 36 жаштагы аял кармалып, ал буга чейин да адамдарды ушундай жол менен алдап жүргөнү аныкталды. Алдангандар - Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жашоочулары. Ушул эле аялдын үстүнөн ушул кезге чейин "алдап кетти" деген арыз менен 5 адам кайрылды", - деп жазылат ШИИББинин маалыматында.
Ошондой эле милиция сүрөттөгү аялга алдангандар болсо, 0550 102-643, 0700 12-66-12 номерлерине байланышууну эскертет.