Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев мамлекеттик кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев мамлекеттик кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу кесиптештер! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Мамлекеттик кызматкерлер күнү менен чын дилимден куттуктайм!

     

Мамлекеттик кызмат – бул мамлекеттик башкарууну уюмдаштырган бүтүндөй мамлекеттик системинин эң башкы элементтеринин бири. Азыркы кезде өлкөбүздүн мамлекеттик башкаруу системинде бардык мамлекеттик органдардын ишмердигинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган маанилүү милдетти аркалаган адамдар иштешет. Улуттук эгемендүүлүк жарыялангандан берки жылдар ичинде мамлекеттик кызмат өстү, чыңдалды жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн эң татаал маселелерин чечүүгө жөндөмдүү күчкө айланды.

   

Эл-журтубуз бизден экономика тармактарынын өсүшүнө, инвестициялардын көбүрөөк келишине жана калктын бакубат турмушун камсыз кылууга багытталган кажыбас аракеттерди күтүүдө. Элдин үмүтүн актабай коюуга биздин акыбыз жок. Коом жыргалчылыгын арттыруу үчүн бардык аракеттерди жумшоо биздин башкы милдетибиз, ар бир мамлекеттик кызматкердин моралдык парзы!

    

Урматтуу мамлекеттик кызматкерлер!

    

Сиздерди кыргыз өкмөтүнүн атынан жана өзүмдүн атымдан бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктайм!

Бардыгыңыздарга зор бакыт, чың ден соолук, өлкөбүздүн жыргалчылыгы үчүн ишиңиздерде кажыбас кайратты, албан ийгиликтерди каалайм!”

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан