Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунда жол кырсыгынан 9 адам жаракат алды. Алардын бешөө 7 жашка чейинки балдар болгон. Бул тууралуу Нарын облусундагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 4-майда саат 15:00дөр чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 382-чакырымында катталган. Анда Subaru Outback үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу мөндүр жаагандан кийин тайгак болуп калган унаа жолдо рулга ээ боло албай жол кырсыгына кабылган. Натыйжада унаада бара жаткан 10 адамдын тогузу жаракат алган. Алардын бешөө 2 жаштан 7 жашка чейинки балдар болгон.