Бишкекте үйлөрдүн бирин мейманкана деп коюп сойкукана катары иштетип жүргөн аял кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 5-майда Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Адыл Оморов кабарлады. Анын айтымында, укук коргоо органдары барган учурда ошол эле жайда үч кыз бир топ убакыттан бери интимдик кызмат көрсөтүп келгени аныкталган. Алардын эң кичүүсү 20 жашта.
"Бишкек ШИИББине жергиликтүү тургундар кайрылып, Ж. аттуу жаран үйлөрдүн бирин көп убакыттан бери мейманкана деп коюп, интимдик кызмат көрсөткөн сойкукана катары иштетип жатканын айтышкан. Билдирүүнүн негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (сойкулук жасоо үчүн жайларды уюштуруу же күтүү) менен кылмыш иши козголуп, айтылган даректеги мейманкана 4-май күнү укук коргоо органдары тарабынан тинтүүгө алынган. Тинтүү учурунда сойкукананы уюштурган деген негизде 32 жаштагы К.Ж. аттуу аял кармалды жана жанынан акчалар табылган. Андан сырткары, ал жерде интимдик кызмат көрсөтүү менен алектенген 1993-жылы туулган Б.к.У., 1989-жылы туулган И.Н. жана 1984-жылы туулган Ш.А. аттуу үч кыз кармалган. Ал эми сойкукананы уюштурган деген негизде кармалган К.Ж. Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, тергөө иштери уланууда", - деди Оморов.