Таласта көз жарган 15 жаштагы окуучу кыздын жигити камакка алынды. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"3-майда 15 жаштагы өспүрүм кыз төрөгөндөн кийин 4-майда 23 жаштагы жигити кармалган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 132-беренеси (он алты жашка толо элек адам менен жыныстык катнашта болуу жана сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерди жасоо) менен айыпталып жатат. Учурда убактылуу кармоочу жайда кармалып турат, баш коргоо чарасы каралганга чейин ошол жакта болот. Азыр тергөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Айта кетсек, буга чейин Талас шаарында 15 жаштагы мектеп окуучусунун көз жарганы маалым болгон.