Баткен облусуна караштуу Лейлек районунда сел 4 бодо малды агызып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 5-майда саат 17:00дөр чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Лейлек айылында жүргөн сел 4 уйду агызып кетип, ички чарбалык жолдорго зыянын тийгизген. Анын кесепетинен аталган ички чарбалык жолдордо унаалардын жүрүүсүнө кыйынчылык жаралган. Адам өмүрүнө жана турак жайларга коркунуч жаралган эмес. Учурда келтирилген чыгымдарды эсептөө иштери жүрүп жатат.