Кечээ, 5-майда Орусиянын бир катар шаарларында оппозиционер Алексей Навальныйдын тарапташтары митингге чыгышты. "Ал бизге падыша эмес" деп аталган акция, 7-майда Владимир Путиндин кезектеги президенттик кызматка киришүү салтанатына каршы өткөн.
Жергиликтүү маалымат булактары жазгандай, Навальныйга Москванын борборунда митинг уюштурууга шаар бийлиги уруксат берген эмес. Мэрия акцияны шаардын сырт тарабына өткөрүүгө боло тургандыгын айткан. Бирок Навальный мындай шартка макул болбой, тарапташтарын шаардагы Тверь көчөсүнө чыгууга чакырып, акция өткөрүүнү айткан. Анда шаар бийлиги митинг өткөрүүгө такыр уруксат берилбей тургандыгын билдирген. Буга байланыштуу каршылык акциясы полициянын митингчилерди кармоосу менен коштолгон.
"Ал бизге падыша эмес" деген ураан менен чыккан митингчилер "Ууру, ууру, ууру!", "Биз мунун баарына каршыбыз!", "Көзүңдү ач, сен падышанын кулусуң!", "Биздин жашообузга тоскоол болбогула!" деген сөздөр жазылган плакаттар менен чыгып кыйкырышкан.
Айрым маалымат булактары митингчилер өздөрүн өтө агрессивдүү алып жүргөндүгүнө байланыштуу, полиция дароо аларга эскертүү бергенин жазышкан. Ошондой эле полициянын акциянын катышуучуларына эскертүү берүүсүн мэрия митинг өткөрүүгө уруксат бербегени менен байланыштыргандар бар.
Акция башталып жарым саат өткөндөн кийин тарапташтары менен жолугууга Алексей Навальный келип, аларга ыраазычылыгын билдирген. Ошондой эле митингдин катышуучуларын ал жакырчылык жана теңсиздик менен күрөшүүгө чакырган. Андан кийин аны полиция кармап кеткен.
Орусиянын жүздөй шаарында өткөн акцияда 1 миң 600 адамды полиция кармап кеткен. Айрым жергиликтүү тургундар полициянын "сабатсыз" аракеттерин сындай башташты. "Алар кармаган ар бир жаранды кыйнап жатты", - дегендер да болгон.
Өзгөчө 14 жаштагы өспүрүмдүн укук коргоо органдары тарабынан кармалганы сүрөткө тартылып алынып, талкуу жарата баштаган. Өспүрүмдүн жакындары: "Балабыздын митингге катыша турган ою да жок болчу, ал досу менен Тверь көчөсү аркылуу бара жатыптыр. Досу топтолгон элдин арасынан качып кеткен, биздин балабыз үлгүрбөй калыптыр. Аны кармоо үчүн 4 полиция келип, колун толгоп алып кетишип, кечки саат 21:00дө гана коё беришти", - дешкен.
Анткени менен Москва шаардык бийлиги полициянын ишмердүүлүгүнө оң баа бергенин жергиликтүү басылмалар жазган. "Полиция жана Росгвардия акция мыйзамсыз өткөнүнө карабай тынч жана сабаттуу иштеди", - деген аймактык коопсуздук департаментинин башчысы Владимир Черников.
Жалпысынан кармалган жарандардын саны 1600 болсо, анын ичинен 700ү Москванын өзүнөн кармалган. Калгандары Екатеринбург, Самара, Пенза, Краснодар, Челябинск, Санкт-Петербург жана башка шаарларынан кармалган. Айрым маалыматтар боюнча, митингге катышып кармалгандардын кээ бирлерине айып пул салынып, үйлөрүнө коё берилген.
Ал эми "Коррупцияга каршы" фондунун негиздөөчүсү, оппозиционер Навальныйга карата Орусиянын мыйзамына ылайык, 2 протокол түзүлгөн. Анын бири митинг уюштуруудагы тартипти бузуу үчүн толтурулса, экинчиси полицияга карата каршылык көрсөтүү боюнча түзүлгөн.