ЭЛДИК КАБАР: "Ноокен районуна жетим-жесирлер үйү салынып, иштеп жатат" дейт окурман

Жалал-Абад облусундагы Ноокен районунда жетим-жесирлер үйү салынып, иштеп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталынын окурманы "Элдик кабарга" билдирди.

Анын айтымында, буга чейин чет элдик демөөрчүлөр тарабынан жашоо-турмушунан кыйналган жалгыз бой энелер менен балдарына атайын үйлөр салынган.

"Өткөн жылдын август айынан тартып бардык шарттары менен салынган үйлөрдө турмуштан кыйналган, күйөөсү каза болуп калган балалуу келиндер жашап жатат. Бул жакшы демилге, жакшы иш болгон экен. Азыркы учурда батирден-батирге көчүп жашаган үй-бүлөлөр көп. Жетим-жесирлер каражат жагынан кыйналганда ушул үйгө келип жашаса болот. Мындай үй-бүлөлөр көп экенин билген уюштуруучулар дагы башка үй курушту. Ага дагы 5 үй-бүлө жайгаштырылат. Эртең ачылышы болот", - деп жазды окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Jango
2018-05-06 16:31:25
Жетим жесирлер деген жазууну алып койсо жакшы болмок
+10
grace
2018-05-06 16:39:25
Jango,Эң туура. Бергенин милдет кылгандай. Ошол үйдөгүлөрдү кемсинтип жазган эсептүү бул.
+8
KAYRATBEK
2018-05-06 16:37:55
Ноокен районунун Кайсы айыл окпотундо курулуптур? билгендер болсо айтып койгула сураныч
+1
ARZUU1989
2018-05-06 20:13:21
Кайсы айыл окмотто экенин толук жазгылачы
+1
ARZUU1989
2018-05-06 20:14:44
Шайдан айыл окмотундо салынып жаткан эле же ошол уйлорбу?
+1
KG-Oligarh
2018-05-07 02:21:46
Масы айыл өкмөтүндөгү автобазанын өйдө жагындагы үйлөр.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан