Түркиянын маалымат каражаттары Стамбулда өзү караган 88 жаштагы кемпирди сабады деп кармалган аялдын сүрөтүн жарыялады. Буга чейин улгайган аялды сабаган - Кыргыз жараны экени маалымдалган.
Түркиялык маалымат каражаттарынын жазганына ылайык, А.А. аттуу Кыргыз аял соттун чечими менен үй камагына чыгарылган. А.А.нын өзү баккан аялды сабап жатканы видеокөзөмөл камерасына түшүп калган. Камера 88 жаштагы улгайган аял Шазийе Гүндюз ушул жылдын 13-мартында буту сынып ооруканага түшкөндөн кийин орнотулган. Анткени улгайган аялдын жакындары аны баккан аялдан толук түшүндүрмө ала албай коюшкан. А.А. Гүндюздүн жакындарына түнкүсүн дааратканага барам деп жатып жыгылып кеткен деп айтып берген. Бирок анын жакындары анын бул жообунан шек санап, үйгө видеокөзөмөл камера орнотушкан. Сабалган аял оор абалда ооруканага жеткирилгенден кийин алар камерадан А.А.нын өзү баккан аялды сабап жатканын көрүп, полицияга арыз жазышкан.
Окуя боюнча соттук отурум ушул жылдын октябрь айында боло тургандыгы маалыматта жазылган.