Турсунбек Акун: “Ак үйдөн болгон чалууга таасирленип кетип, Батукаев тууралуу байкабай маалымат берип алдым”

“Ак үйдөн болгон чалууга өтө таасирленип кетип, эл алдына “Батукаев баланчанчы күнү өлөт” деп байкабай айтып алдым”,- деди акыйкатчы бүгүн, 21-июнда маалымат жыйынында. Айтымында, кримавторитет Азиз Батукаев абактан бошотулуп кеткен күндүн эртеси ага Бусурманкул Табалдиев (УКМКнын төрагасы) чалган. “Батукаевдин бошотулушу тууралуу маалыматты биз берсек туура болбой калат го, журналисттерге интервью берип коюңузчу" деп суранган. Батукаевди бошотууга катыштыгы бар үч фигура бар, алардын бири - Табалдиев",- деди акыйкатчы. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан