КҮНСЕРЕП: Кытай кредити депутаттык комиссиянын "базарын" кызытып жатабы?

Бүгүн, 7-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) 386 миллион долларга жаӊылоодогу шектүү жагдайларды иликтеген депутаттык комиссия дагы бир жыйын өткөрдү. Ар дайым ачык өткөрүлүп жүргөн жыйынга бул жолу журналисттер киргизилбей, мындай жашырынып сүйлөшүүнүн себеби да айтылган жок.

Комиссияга мүчө болгон депутаттардын билдиришине караганда, буга чейин экс-премьер Жантөрө Сатыбалдиев менен мурдагы энергетика министри, учурда парламент депутаты Осмонбек Артыкбаевдин аттарына басым жасалып жатса, бүгүн комиссия мүчөлөрү "ЖЭБди жаӊылоо ишинде документтерге кол койгон бардык чиновниктердин аттары аталсын" деген бүтүмгө келишти. Мурдагы премьер Сапар Исаков президенттик аппаратта иштеп турганда ЖЭБди жаӊылоого аралашкан жагдай бар деп айтып, анын да ысымы аталат деген кепти кыйытышты. Ушул жылдын 26-апрелинде Исаковду УКМК суракка алып, сурактан чыккан Исаков президенттик аппаратта иштеп тургандагы иштери боюнча суроолор болгонун билдирген.

386 миллион доллар - эртең өкмөт мамлекеттин эсебинен, демек, салык төлөөчүлөрдүн эсебинен үстөгү менен төлөй турган карыз. ЖЭБди жаӊылоо долбоору боюнча эле Кыргыздын ар бир атуулунун моюнунда учурда 80 доллар же 5,5 миӊ сомдун тегерегинде карыз бар. Бул акча кантип иштетилип, жыйынтыгы кандай болгонунан эл кабардар болууга толук акылуу. Бул ишти ачык талкуулап, акты ак, караны кара деп атоого биринчи кезекте ошол элдин атынан өкүл болуп парламентке шайланып баргандар кызыкдар болушу керек. Бирок КСДПнын депутаты Улан Примов төрагалык кылган комиссия акыркы жыйындарын жабык өткөрүүнү чечти. Комиссия мүчөлөрүнүн "бир пикирге келдик, тиешеси бар бардык адамдардын аттары айтылмай болду" дегени, албетте, айрым чиновниктер аты-жөнүн комиссиянын чечиминде айттырбай коюу аракетинде болгонун билдирет. Адатта мындай аракеттер "соодалашуу" менен коштолот. Азырынча ЖЭБ боюнча комиссиянын мүчөлөрү корутундуга кол коюша элек. Комиссия эртеӊ, 8-майда дагы бир жыйын өткөрөрү, анда корутундуга кол коюлары айтылды. ЖЭБди жаңылоо иши боюнча депутаттардын "базары" кызып жаткансыйт...

Мурунку биринчи-вице-премьер, парламент депутаты Аскарбек Шадиевдин жана анын жакындарынын Башкы прокуратура тарабынан камакка алынган мүлктөрүнүн тизмеси жарыяланды. Интернетке жарыяланып кеткен маалыматты УКМК расмий тастыктады. Тизмеде Шадиевдин жана жакындарынын “Карвен 4 мезгил” жана “Боорсок плюс” баш болгон 10 ишканасы, Бишкекте 3 батир жана 1 кеӊсеси, Чүй аймагында жайгашкан 2 турак жайы, 1 унаасы бар. Ошондой эле 25 банктын аттары аталды. УКМК тарабынан бул банктарда Шадиев жана анын үй-бүлөсүнүн банктык эсептери жана ячейкалары бар экени, аларды камакка алуу керектиги же банктарга бул маалыматты тактоо тапшырылганы ачыкталган жок.

Ушундай жашоо-шарты бар Шадиев парламенттен 30 миӊ доллар уурдоого катышкан деп шектелүүдө. Башкы прокуратура буга чейин Шадиевге Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш ишин ачкан. Аскарбек Шадиев 2015-жыл боюнча тапшырган декларациясында 99,4 миӊ сом иштеп тапканын, аянты 420 чарчы метрди түзгөн 1 үйгө, 2 компаниянын 50 пайыз үлүшүнө ээлик кыларын көрсөткөн. Анын жакындары 2015-жылы 6,2 миллион сом киреше тапса, аларга 2 имарат, 4 ишкана жана 1 унаа таандык деп жазылган. Ал эми 2016-жылкы декларациясында Шадиев негизги жумушунан 890 миӊ сом киреше тапканын, мурдагыдай эле аянты 420 чарчы метрди түзгөн 1 үйгө, 2 компаниянын 50 пайыз үлүшүнө ээлик кыларын жазган. 2017-жыл боюнча мамлекеттик кызматкерлердин декларациялары азырынча жарыялана элек.

2013-жылы Жогорку Кеӊештин мурдагы спикери Ахматбек Келдибековго кылмыш иши ачылып, УКМК тарабынан кармалганда айрым маалымат булактарында анын мүлктөрүнүн тизмеси жарыяланган. Келдибековго карата "өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеген адам мынча мүлктү кайдан алды?" деген суроолор жаралган. Ушул эле суроо бүгүн дээрлик 20 жылдан бери мамлекеттик кызматта жүргөн Шадиевге берилип жатат. Аскарбек Шадиев 1993-жылы "Сфера" аттуу фирмада башкы эсепчинин орун басары болуп иштесе, 1995-2000-жылдары "Азнур ЛТД" ЖЧКсында директор, "Датка" корпорациясы" ЖЧКсында вице-президент болуп иштеген. 2000-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Жогорку Кеӊештин депутаты, губернатор, министр, биринчи вице-премьер өӊдүү мамлекеттик кызматтарды аркалап келген. Буга чейин Шадиевдин жардамчысы Шадиев дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгып кеткенин айтса, УКМК “расмий түрдө чек арадан чыккан эмес”, - деген. Жалпы элдин талкуусуна түшкөн Шадиев өзү үн катпай жатат...

Жергиликтүү гезиттердин биринде Кытайдын саясатын жүргүзүүчү тиркеме пайда болду. Кытай идеологиясын Кыргызга сиӊирүү аракети эми басылмалар аркылуу ишке ашырыла баштады. Тиркемеде Кытайдын Кыргыз өлкөсүнө кошуп жаткан салымы кеӊири баяндалат. Мисалы, Чаткал районунда кароосуз калган айыл Кытайлык компаниянын салымы менен оӊолуу жолуна түшкөнү, аймакта кен казган компания айылга жаӊы мектеп салып бергени айтылат. Жумушсуздуктун айынан айыл эли туш тарапка тарап кетерде Кытайдын компаниясы жаӊы иш орундарын түзүп, сактап калганы жазылат. Бул макалага Чаткалдагы мектеп окуучусунун кытай тилиндеги сөз жазылган плакатты кармап түшкөн сүрөтү колдонулуп, макаланын автору "айыл тургундары кытайча саламдашканды жана коштошконду үйрөнүп калышты" дейт. Бул жергиликтүү гезиттин учурдагы кожоюну Атамбаевдик саясатты колдоп келгени белгилүү. Андыктан, Кытайдын Кыргызга кошкон салымынын даӊазалана башташы өзгөчө көӊүлдү бурат. Айта кетсек, быйыл апрель айында экс-президент Алмазбек Атамбаев Кытайда эл аралык форумга катышып, өлкөнүн лидери Си Цзиньпин менен жолугушуп кайткан.

Кыргызды Кытайга байлап турган жагдай – ири мамлекеттик карыз. Акыркы 5 жылда Кыргыз мамлекетинин тышкы карызынын Кытайга үлүшү 2 пайыздан 44 пайызга өсүп кеткенин парламент депутаттары айтып чыгышты. Адистер Кытай Орусия менен Түркия сыӊары карызын кечпей турганын, 20-25 жылга карызга алынган акчаларды убагы келгенде сөзсүз төлөө керек болорун, ага эмитен даярдануу зарылдыгын эскертип жатышат. Карыздарды төлөп баштоо 2024-2025-жылдарга туш келет.

Быйыл март айынын башында "Center for Global Development" эл аралык изилдөө борборунун аналитиктери Кыргызды алган карыздарынан улам Кытайга көз каранды болуп бараткан 8 өлкөнүн бири деп жарыялады.

Буга чейин Кыргыз жеринде билим берүү мекемелери аркылуу Түркиянын идеологиясы жайылтылып келсе, кезек Кытайга жеткен өӊдүү. Кытай державасы өзүнүн башка өлкөлөргө таасирин курал-жараксыз, жылмаюу менен орнотуп келе жатат. Мындай державалардан келген карызды Кыргыз чиновниктери кантип пайдаланып жатканы болсо Бишкек ЖЭБин жаңылоо чуусунун мисалында көрүнүүдө...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан