Чүйдө жол кырсыгына кабылган унаа өрттөнүп кетип, 45 жаштагы адам 4 жашар уулу менен каза болду

Чүй облусунун Аламүдүн районунда жол кырсыгына кабылган жол тандабас унаа өрттөнүп кетип, 2 адам каза болуп, 2 адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Аламүдүн районунун Ленин айылында болгон. Анда жүк ташуучу унаа менен Тойота Прадо үлгүсүндөгү унаа сүзүшүп, жеңил унаа өрттөнүп кеткен. Тойота Прадо үлгүсүндөгү унаада 4 адам болгон, алардын арасынан 45 жаштагы А.Б. аттуу адам жана анын 4 жашар уулу Б.Р. каза болгон. Ал эми жеңил унаанын дагы 2 жүргүнчүсү жаракат алышып, дарыгерлерге кайрылышкан.

Айта кетсек, буга чейин окуянын күбөсү Аламүдүн районундагы Ленин айылында Тойота Прадо үлгүсүндөгү унаа күйүп кеткенин кабарлаган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Paprikafm
2018-05-07 10:05:37
Кыргызым жолдон кырылмай болдуго аттин, жакындарына сабыр
+2
NURTILEK_KG
2018-05-07 10:40:46
Жаткан жери жайлуу болсун кудайым озу бейиштен орун бере корсун... (тойота прадо эмес лексус GX470 окшойттко)
0
Nuura
2018-05-07 10:50:00
Машинаны ото эле каттуу айдашат негизи Кыргызстанда .Биздин олкого дагы чет олконун законундай зокондорду киргизип жолдорго камераларды коюп койсо ушундай жол кырсыктары азаят беле .
+3
kyrgyzka7
2018-05-07 11:25:06
Бул деле бугунку жанылык эмес болчу!
+1
titanik32
2018-05-07 12:04:38
3 мурунку жаңылык,каза болгондор жаны жаннаттан болсун жакындарына сабыр.Бизде жип мингендер адатынча коутой айташат го обгон щиг заг кылышып,ошентем деп камазды сүздү да.Этият бололучу туугандар жолдо.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан