“Мен атын атап, башын чыгара турган 3 фигуранын бири Президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев”,- деп билдирди акыйкатчы Турсунбек Акун бүгүн, 21-июнда берген маалымат жыйында. Айтымында, Нарымбаев президентке жумушу менен келген ар бир адамды суракка алат. "Кандай маселе болуп жатканын президентке чейин эле билип алып, айрым иштерди өзү эле уюштуруп, өзү эле чечет. Данияр Нарымбаев экөөбүз чогуу окуганбыз, сыйбыз, мамилебиз жакшы, бирок “Сократ мой друг, но истина дороже” деген бар”,- деди акыйкатчы.