Бишкекте трансформатор турган будкага кирип кетип күйүп калган кыздын абалы оор

Трансформатор турган будкага кирип кетип күйүп калган кыздын абалы оор. Бул тууралуу SUPER.KG порталына 4-шаардык оорукананын Травматология жана ортопедия улуттук илим изилдөө борборунун күйүк бөлүмүнүн дарыгери Асылбай Базакечев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, ооруканага күйүп калып түшкөндөр 1 айдан ашык дарыланат.

"6 жаштагы Ш.М. аттуу кыздын эки колу күйгөн, абалы оор. Азыркы тапта ага бир операция жасалды. Кыздын абалы тууралуу башка маалыматты айтуу азыр эрте", - дейт Базакечев.

Айта кетсек, Бишкек шаарын Ленин районунда 6 жаштагы кыз трансформатор турган будкага кирип кетип оор жаракат алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
fantomas
2018-05-07 15:13:32
Ата-энелери козомолдоп, кичине эскертип койсо болмок, айтса тушуно турган жашка келп калган кичине кыз экен эле...
-5
rysik79
2018-05-07 15:14:57
Батырааак эле айыгып, таптаза сакайып кет алтын кыз. Ата- энеси жакшы карашса болмок. Сабыр..
+1
altyn7776
2018-05-07 15:26:59
Трансформатор эмнеге ачык турат, эмнеге алты жашар бала да кирип кете ала турган абалда коюлган?Кылмыш иши козголуп, тыкыр изилдениш керек. Кайдыгер мамиле жасоодон улам коптогон кесепеттер чыгып жатат. Айдоочулук куболук окуусу жок сатылып атат-авария коп..кобунчосу жаштар.
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан